• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Карим Масимовдун камактагы мөөнөтү 6-июнга чейин узартылды

12 Бугу 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы башчысы Карим Масимовдун камактагы мөөнөтү 6-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар УККнын басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, Масимовдон тышкары Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы орун басарлары Ануар Садыкулов (6-июнга чейин) менен Даулет Ергожин (13-июнга чейин) да камакта калды.

Кезинде эки жолу Казакстан өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген 56 жаштагы Масимов «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» айыбы менен 8-январда кармалган. 6-январда ал УКК төрагасы кызматынан алынганы кабарланган. Кийинчерээк ага «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыптар тагылганы белгилүү болгон. Анда Масимов менен бирге анын эки орун басары да кармалган. Мындан тышкары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси, УКК төрагасынын биринчи орун басары Самат Абиш алгач «эмгек өргүүсүнө чыгып», кийин кызматынан алынган.

10-мартта Казакстан УККсы Масимовго жабык келишим аркылуу чет мамлекеттин өкүлдөрүнөн эки миллион доллар пара алуу айыбы тагылганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, экс-чиновник премьер-министр болуп турганда бизнес-түзүмдөрдүн биринен 2,5 миллиард теңге турган элиталык конок үйүн жана жер тилкесин алган.

Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүргөн. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Количество просмотров: 37