• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каримовдун аты автозаводго берилди

8 Бештин айы 2017 9:00 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Асака шаарындагы автомобиль заводуна Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды. Тиешелүү токтомго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Мындан тышкары автозаводдун аймагында мамлекеттин биринчи лидерине арналган мемориалдык комплекс түзүлдү. Комплексте «Ислам Каримов жана Өзбекстандагы автомобиль өнөр жайынын өнүгүшү» деген туруктуу музей-көргөзмө ишин баштады.

Өткөн жылы Асакадагы завод 20 жылдык мааракесин белгилеген.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаты Кубанычбек Жумалиев жаңы салынып жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалык жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын ыйгарууну демилгелеп чыккан.

Количество просмотров: 2