Ички иштер министри Улан Ниязбеков Нарында карындашын коргойм деп катуу сабалган баланын окуясын териштирүүнү жеке көзөмөлгө алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул факты Нарын райондук милициясынын Тергөө кызматынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
22-июнь күнү кошумча комиссиондук соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Эске салсак, сабалган баланын апасы Акыйкатчы институтуна тергөөнүн аракетсиздигин айтып, арызданган. Анын уулу карындашын коргойм деп катуу сабалган. Жабырлануучу эки айдан ашык убакыттан бери Улуттук госпиталда стационардык дарыланууда экени айтылган.