• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

6 жаштагы сабалган баланын апасы тосмо арыз жазды

23 Жетинин айы 2020 15:17 Бишкек Govori.TV

Сокулукта сабалган 6 жаштагы баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу сабалган баланын апасынын юристи Шердор Абдыкапаров билдиргенин «Азаттык» жазды.

«Баланын апасы «азыркы күйөөм менен жашайм» деп арызын жазып берди. Баланы абалы жакшы, азыр аны таенесине Ат-Башыга алып кетишти. Энеси кош бойлуу болуп, өзү да ооругандыктан эч кандай комментарий бергиси келген жок»,-деп билдирген ал.

Бир күн мурун социалдык тармактарда көзү, бети кан жалаган баланын ооруканада жаткан сүрөтү тараган. Колдонуучулар баланы өгөй атасы урганын, энеси уулун алып, качып чыкканын жазышкан. Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Количество просмотров: 778