• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Карыпбеков: Мамлекеттик маалымат каражаттарын, КТРКны кошо жабуу керек

20 Жетинин айы 2019 13:00 Бишкек Govori.TV

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков аталган канлды жаап салуу керек деген пикирин Twitter баракчасына жазды.

“Мен Момбековдун тайманбастыгын жана айрым көз караштарын колдойм. Бирок ал райондук жана облустук гезиттер боюнча туура эмес пикирде. Алар эчак эле эскирген, барын жаап салуу керек. Андан кийин мамлекеттик маалымат каражаттарын, КТРКны кошо жабуу керек. Мамлекеттин өзүнүн массалык маалымат каражаттары болбошу керек”, – деген ал.

Эске салсак, буга чейин мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотууга ниеттенип жататкандыгы тууралуу сөз болгон. Бирок, депутат Рыскелди Момбеков райондук жана облустук гезиттерди жоюуга каршылыгын билдирген эле.

Количество просмотров: 111