• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каржы полициясынын төрагасынын орун басары болуп Бакытбек Гайназаров дайындалды

12 Жетинин айы 202011:30 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары болуп Гайназаров Бакытбек Батырович дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жазылды.

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Гайназаровду Каржы полициясынын эмгек жамаатына вице-премьер-министр Максат Мамытканов тааныштырган.

Буга чейин Каржы полициясынын төрагасынын орун басары кызматын Сагынбек Абдылдаев ээлеп келген.

Количество просмотров: 240