Чүй облусунун Кашка-Суу айылында каналга түшүп кеткен жаран изделүүдө.
Маалыматка ылайык, 20-июнда Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы каналга 31 жаштагы аял киши болжол менен саат 08:20 чамасында түшүп кеткен.
Жерине издөө-куткаруу иштерине жалпы 54 адам тартылган.
Учурда издөө иштери жүрүп жатат.