• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Чүйдө балык уулоого чыккан жаран изделүүдө

25 Баш оона 2022 10:35 Бишкек Govori.TV

Чүйдө балык уулоого чыккан жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» суу сактагычына Маевка айылынын У.И. аттуу тургуну киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

«Мындан улам издөө иштерин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, буга кошумча саат 19:48де Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана ИИМден кызматкерлер тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында жоголгон адамдын кийими суу жээгинен табылган. Бул күнү кеч кирип кеткендигине байланыштуу жоголгон адамды издөө убактылуу токтотулуп, издөө иштеринен жыйынтык болгон жок»,-деп айтылат маалыматта.

Издөө иштеринин натыйжасы боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 539