Бүгүн Астанада бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Анын ачылуу аземине КР Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын мурдагы президенти, Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Татарстандын раиси Рустам Минниханов, Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр жана башка мамлекеттердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ондогон өлкөлөрдөн келген күйөрмандар менен казак калкы катышты.
Адегенде бул этно оюндарга катышып жаткан жүзгө жакын мамлекеттердин спортчулары салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. Өзгөчө белгилеп кое турган жагдай, Көчмөндөр оюндарын ойлоп таап ишке ашырган мамлекет катары Кыргыз Республикасынын спортчулары эң биринчи болуп жүрүштү баштап берди.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Көчмөндөр оюндарынын таржымалы, түбү бир тууган элдердин карым-катышы тууралуу сөз сүйлөдү.
«Көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан кыргыз боорлорума рахмат айтамын. Көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк көчмөн маданиятынын олимпиадасы десек болот», — деди Токаев.
Андан кийин Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Нежмеддин Билал Эрдоган да чыгып сүйлөп, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.
Ошондон кийин ачылыш салтанаттын театралдашкан бөлүгү көрсөтүлдү. Анда көчмөндөрдүн жер жаралгандан берки байыркы тарыхы чагылдырылып берилди. Концерттик программада Димаш Кудайберген, Роза Рымбаева сыяктуу атактуу ырчылар ырдашып, ачылыш азем эки саатка созулду.