• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Касым-Жомарт Токаев орус-украин согушунун курчушунан улам коопсуздук чараларын көрө баштады

22 Жетинин айы 202410:41 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын айланасындагы абал курчуп бара жаткандыгына ыкчам реакция жасады. Бул тууралуу Tengrinews.kz. кабарлады.

К. Токаев премьер-министрге, президенттик администрациянын жетекчисине, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жана акимдерге негизги аскердик жана жарандык обьектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча шашылыш тапшырмаларды берди. Бул тууралуу 21-ноябрда кечинде Токаевдин кеңешчиси — басма сөз катчысы Берик Уали билдирген.

Казакстандын парламентинин палаталарынын төрагалары кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу кабардар. Мамлекеттеги абал президенттин жеке көзөмөлүндө экени айтылат. Андан ары Казакстан үчүн негизги стратегиялык максат — стабилдүүлүктү, тынчтыкты жана тартипти сактоо экени белгиленет.

Буга чейин Казакстан согуштук аракеттерди токтотуп, эки славян элинин ортосундагы маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча позициясын билдирип келген.

Количество просмотров: 261