• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Касымалиева Аида Камчыбековна

Жогорку Кеңештин вице-спикери
  • Аида Касымалиева 1984-жылы 7-августта Ош шаарында төрөлгөн. Оштогу Гагарин атындагы гимназия-орто мектебинде 1991-2001-жылдары билим алган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
  • Эмгек тажрыйбасы:
  • 2004-2008 — «Азаттык+» жаштар радио программасынын координатору жана «Азаттык+» жаштар телепрограммасынын автору жана алып баруучусу, продюсери
  • 2008-2009 — Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британиялык институттун Кыргызстан жана Казакстан боюнча редактору
  • 2010-2012 — «Азаттык» радиосу, «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммасынын алып баруучусу, мультимедиа продюсери
  • 2012-2013 — Москвада «Эркиндик» радиосунун кабарчысы
  • 2013-2014 — «Азаттык» радиосунун кабарчысы
  • 2014 — НТС телеканалынын башкы продюсери
  • 2015 — Кыргызстандагы Интерньюс Нетуорк уюмунун грант менеджери, редактор
  • 2015 — КТРК, «Ой ордо» ток-шоусунун алып баруучусу,
  • 2016-2017 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде Effective storytelling курсунун окутуучусу
  • Андан сырткары Al Jazeera English телеканалынын Борбордук Азия боюнча продюсери болуп иштеген.
  • 2018-жылдын 27-декабрынан тарта Жогорку Кеңештин вице-спикери.
  • Үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси.
Количество просмотров: 28