10-октябрь күнү саат 20:00дө Бишкектин Т.Усубалиев атындагы аянтында (Эски аянт) бардык футбол күйөрмандары үчүн Катар жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин бирге көрүүгө фан-зона уюштурулат.
Кыргыз курамасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын улантат. Бул фан-зона биздин улуттук курама командабызды биримдик жана ынтымак атмосферасында колдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Сизди кызыктуу шоу-программа, оюнаянтчалары, баалуу белектер менен ойнотулган конкурстар күтөт.