• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казак бийлиги бөкөндөргө аңчылыкты убактылуу токтотту

13 Бирдин айы 2024 16:50 Бишкек Govori.TV

Казакстанда бөкөндөрдүн санын жөнгө салуу боюнча былтыр башталган иш убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өлкөнүн экология жана жаратылыш ресурстары министри Ерлан Нысанбаевге шилтеме кылып жергиликтүү маалымат агенттиктери билдирди.

«Охотзоопром» ишканасы билдиргендей, туут жакындап калганына байланыштуу бөкөндөрдү атуу убактылуу токтотулду.

«Охотзоопром» ишканасынын Батыш Казакстан филиалынын жетекчиси Арман Кужахметовдун «Азаттыктын» казак кызматына кабарлашынча, аймакта сайгактарды атуу 9-февралда токтогон. Бир айдын ичинде — 2024-жылдын 10-январынан 9-февралына чейин — 9 120 сайгак атылган.

«Азырынча атуу токтотулду. Менимче, күзүндө дагы улантабыз. Эки айдан кийин туут башталат, желиндери чоңойду. Азыр мүмкүн эмес», — деди Кужахметов.

Экология министрлиги фермерлер бөкөндөрдүн көбөйүшү эгин жана жайыт талааларына зыян келтирип жатат деп арыздангандан кийин аларга аңчылык кылууну чечкен. Уникалдуу байыркы антилопалар жашаган Батыш Казакстан облусунда 226 миңдей бөкөндү жок кылуу чечими кабыл алынган.

Былтыр октябрдан декабрга чейин облуста кеминде 20 миң сайгак атылган. Экологдор алардын ургаачыларын жок кылууга каршы чыкканына карабай, аңчылык быйыл да уланды.

Сайгактар дээрлик чейрек кылымдан бери Казакстанда жаныбарлардын жоголуп бара жаткан түрү катары өзгөчө коргоого алынган. Аларга аңчылык кылууга катуу тыюу салынып, браконьерлер реалдуу мөөнөткө соттолгон. Экология министрлигинин сайгактарды атуу боюнча чечими жаныбарлардын укугун коргоочулар менен экологдордун нааразылыгын жаратып, алар бийликтин чечимин сынга алып, бөкөндөрдү жок кылууга жол бербөөгө чакырып жатышат. Сайгактарга аңчылык башталгандан кийин интернетте талаада кырылган жаныбарлардын видеолору пайда болду. Айыл тургундары жана дыйкандар аларды жок кылуунун ыкмаларына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Эксперттердин пикири боюнча, бөкөндөрдүн мүйүздөрү өзгөчө баалуу болуп саналат, алар көп учурда күмөндүү «дары-дармектерди» өндүрүү максатында мыйзамсыз экспорттолот.

Количество просмотров: 71