• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казак министри Кыргызстандагы майнинг-ферма тууралуу комментарий берди

9 Баш оона 2023 10:16 Бишкек Govori.TV

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев «Азаттыктын» казак кызматына Кыргызстандагы майнинг компанияга электр энергиясы сатылган-сатылбаганы боюнча комментарий берди.

Саткалиев кыска видео интервьюда Казакстанда электр энергияны экспортоо-импорттоону бирдиктүү сатып алуучу – министрликке караштуу компания ишке ашырарын белгилеп, учурда тиешелүү сааттарда, тагыраагы, түнкүсүн токту сыртка сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Ал Борбор Азиянын энергоалкагы аркылуу Казакстан башка өлкөлөргө электр энергиясын кээде сатып, кээде алып жатканын кошумчалап, анын ичинде Кыргызстан менен да алып-сатуу ыктымалдыгын айтты. Ошол эле маалда министр кыргыз жергесинде жайгашкан майнинг компания менен түзүлүүчү келишимден кабары жоктугун тактады.

«Бул боюнча канча көлөм болот, кандай болот, деталдуу маалыматты тактоо үчүн мага убакыт керек. Башкача айтканда, биздин бирдиктүү сатып алуучу компания менен сыртка чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмүн эми гана аныктадык. Менин билишимче, азырынча конкреттүү келишимдер жок. Бирок жалпысынан мындай мүмкүнчүлүк бар экенин ырастайм жана энергетикалык ишканалардын деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айтып койгум келет», – деди Саткалиев.

Казакстандын энергетика министри өндүрүлүп жана экспорттолуп жаткан электр энергиясы боюнча сандарды атоодон карманып, бул сан ай сайын өзгөрүп турарын айткан.

Июлдун аягында «Азаттык» «Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?» деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган «Соларкоин» Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,»жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын» айткан. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын кошумчалаган.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев «Азаттыкка» маек куруп, Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги «Соларкоин» жана «Камбар-Ата-2» ГЭСиндеги «МБТ Строй» компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин «Соларкоин» компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ибраевдин айтымында, майнинг компания токту коңшу өлкөдөн 1-августтан тартып ала баштамак. «Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат» деген өз интервьюсунда энергетика министри.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер «майнерлер», ишканалар «майнинг-ферма» деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет.

Количество просмотров: 159