• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Казак президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

16 Жалган куран 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

Казакстан тараптын демилгеси менен 15-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казакстан мамилелеринин актуалдуу жана учурдагы маселелерин кеңири талкуулашты.

Министр Руслан Казакбаев казакстан тараптын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун алкагында 1000 тонна буудайдын тандамал ылгамы түрүндө көрсөтүлгөн гуманитардык жардамына ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн келе жаткан 30 жылдыгынын алкагында ушул жылы боло турган иш сапарларды жогорку жана эң жогорку деңгээлде уюштуруунун, атап айтканда, Казакстандын президенти Токаевдин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын жана Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эки тарап баса белгиледи.

Бул контекстте биргелешкен пландарды жана долбоорлорду, анын ичинде айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарда биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү, ошондой эле жүктөрдү транзиттик өткөрүү маселелерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Р. Казакбаев Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын чек арасы жабылгандыгына байланыштуу көйгөйгө токтолуп, кайрадан Кыргызстандын жарандарына кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын тоскоолдуксуз жер үстүндөгү унаа өткөрүү пункттары аркылуу өтүүнү калыбына келтирүү маселесин тездетүүнү өтүндү.

Ошондой эле тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдиришип, кыргыз-казакстан мамилелериндеги юбилейдик датанын алкагында маданий иш-чараларды, атап айтканда, 2022-жылдын күзүндө Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн, Бишкекте жана Нур-Султанда эстеликтерди орнотуу иштерди биргелешип жүргүзүүнү белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышышты.

Украинадагы кырдаалга токтолуп, тараптар жаңжалды тез арада саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгы боюнча ой пикирлери бир экенин билдиришти.

Количество просмотров: 110