• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казак ырчысы Димаш Кудайберген кыргыз элине көңүл айтты

20 Аяк оона 2022 10:40 Бишкек Govori.TV

Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген кыргыз элине кыргыз тилинде көңүл айтып, өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.

«Жалпы кыргыз элине көңүл айтам. Тарыхы терең улуу эл экенсиз, бул сыноодон кудайым өзү сактасын», — деп жазат ырчы.

Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү.

Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Количество просмотров: 748