• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Путин Рахмонго 10 жаштагы Кобилжондун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

23 Бештин айы 202511:37 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда 10 жаштагы Кобилжон Алиевдин өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланарын билдирди. Кремлдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал маркум өспүрүмдүн туугандарына жана тажик кесиптешине көңүл айтты.

«Балдарга карата жасалган теракт бул — жийиркеничтүү өзгөчө кылмыш. Тергөө аягына чыгарылып, күнөөлүүлөрдүн баары толук жазага тартыларына эч күмөн жок»,-деген Путин.

Рахмон, өз кезегинде, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин белгилеп, орус тарап иштин иликтенишин катуу көзөмөлгө аларына ишеним билдирди.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Москва облусундагы мектепте болгон кол салууну айыптап, Дүйшөмбүдөгү орус элчилигине нота тапшырган.

Каргашалуу окуя 16-декабрда Москва облусундагы Одинцово районундагы Горки-2 айылындагы мектепте болгон. 15 жаштагы Тимофей аттуу өспүрүм окуу жайга бычак алып кирип кол салганда күзөтчү менен 10 жаштагы окуучу набыт болгон.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 104