• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакбаев Руслан Айтбаевич

Тышкы иштер министри

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.

Билими:

1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангга ээ.

Эмгек жолу:

  • 1992-1994 –КР Илимдер академиясы
  • 1995-1996 – КР ТИМдин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы
  • 1996-1999 – Стамбул шаарындагы КРдин Башкы консулчулугунун вице-консулу
  • 1999-2005 — КР ТИМдин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси
  • 2005-2008 — Стамбул шаарында КРдин башкы консулу.
  • 2008-2009 — КРдин тышкы иштер министринин биринчи орун басары
    апрель, 2010 – сентябрь, 2012 — КРдин тышкы иштер министри
    октябрь, 2015 — «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
  • 2020-жылдын октябрь айынан тарта Кыргызстандын Тышкы иштер министри.
Количество просмотров: 48