• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан 2025-жылга карата өз өндүрүшүндөгү кумшекерди 80% жеткирүүнү пландоодо

27 Теке 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев 2025-жылдын соңуна чейин өлкөнү ата мекендик өндүрүштөгү кумшекер менен камсыздоону 49%дан 80%га чейин жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

«2025-жылдын аягына чейин кант кызылчасын өстүрүүнү жана өз сырьебуздан кумшекер өндүрүүнү көбөйтүү планыбыз бар. 2025-жылга чейин биз кумшекер импортуна болгон көз карандуулугубузду эки эсеге азайтабыз», – деди министр.

Казакстанда кумшекер тартыштыгы быйыл мартта Орусия өлкөдөн кантты чыгарууга тыюу салгандан кийин башталган.

Казакстандын соода министри Бахыт Султанов өлкөдө кант өндүрүү үчүн сырье алып келүүдө «мүчүлүштүктөр болуп жатканын», бирок «кумшекер тартыштыгы жок экенин» билдирди.

«Эгер өндүрүш менен суроо-талапты баланстаса эч кандай тартыштык жок. Ошол эле маалда аймактарга жеткирүүдө мүчүлүштүктөр бар. Алсак, Актөбө жана Батыш Казакстан облустарына же Нур-Султан шаарына жеткирүүдө маселелер болгон. Азыр Казакстан боюнча сырье жеткирүүдө мүчүлүштүктөр бар, бирок тартыштык жок», – деди Султанов.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, август айында өлкөдө 118 миң тонна кумшекер болот. Мекеме бул көлөм калктын керектөөсү үчүн жетиштүү болот деп божомолдоодо.

Министр Ербол Карашукеевдин айтымында, Орусия сентябрда кумшекер экспортуна киргизген чектөөнү алгандан кийин «баалар акырындык менен төмөндөп, базардагы абал турукташат».

Количество просмотров: 152