• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстан атомдук электр станциясы курула турган жерди аныктады

10 Кулжа 2022 17:39 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 9-июнда Нур-Султанда өткөн чет өлкөлүк инвесторлор кеңешинин жыйынында өлкөдө атомдук электр станциясы салына турган жер аныкталганын билдирди.

“АЭС салына турган жерди аныктап койдук, эми аны кургусу келгендердин технологиясын иликтеп жатабыз”, — деди Токаев.

Президент АЭС кайсы жерде салынарын айткан жок. Ошол эле күнү энергетика министри Болот Аколаков станция Алматы обусундагы Балхаш көлүнүн маңдайындагы Үлкөн айлында салынарын кабарлады.

“Геологиялык, суу ресурстары, климат жагдайы, система жана түйүндөрдүн аралыгы сыяктуу түрдүү параметрлерге байланыштуу азыр тилкенин нак координатын айта албайм”, — деди министр.

Буга чейин бийлик Курчатов менен Балхашты атаган.

9-июнда Ibusiness.kz басылмасы “Казакстан атомдук электр станциялары” компаниясынын башкы директору Тимур Жантикин курулушка ниетин билдирген эки америкалык компаниянын өтүнүчү артка кайтарылганын билдиргенин жазды. Алар аз модулдуу технологияны сунуштаган. Нур-Султан бул технологияны пайдалануу кооптуу болушу мүмкүн деген чечимге келген.

Алардан башка азыр төрт компаниянын өтүнүчү каралууда.

«Бул арийне, “Росатом”, алар азыр баарынан көп курууда. Алардын технологиясы гана эмес курулуш жараяны да жөнгө коюлган. Франция. Азыр рынокко Кытай да кирди. Бириккен Араб Эмираттарында станция салып, биринчи блогун ишке киргизген Корея да бар. Алар азыр Европа менен АКШда да иштеп жатат», — деди Тимур Жантикин.

Анын айтымында, 3+ долбоорлуу, эки блоктон турган, стандартка шайкеш станциянын наркы болжол менен 8-12 миллиард доллар. Проект өзүн 14-16 жылда актайт.

Энергетика министринин божомолунда АЭСтин курулушу 2035-жылы аяктап, ишке берилет.

Количество просмотров: 308