• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан чет паспорту жоктордун өлкөдө туруктуу жашоосуна тыюу салышы мүмкүн

27 Аяк оона 2022 9:35 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Ички иштер министрлиги чет элдиктерге же жарандыгы жок адамдарга Казакстанда туруктуу же убактылуу жашап турууга уруксат берүү эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү пландоодо. Мыйзам долбоору “Ачык өкмөт” сайтында жарыяланды.

Азыркы эреже боюнча өтүнүч берүүчү улуттук паспортунун көчүрмөсүн жана түп нускасын көрсөтүүгө милдеттүү. Сунушталган өзгөртүүлөрдө улуттук паспорттун ордуна тыш паспорт зарыл экени жазылды.

Мыйзам долбоору Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялап, орусиялыктар жапырт түрдө Казакстанга келе баштагандан кийин – 26-сентябрда коомдук талкууга чыгарылды. Коомдук талкуу 2022-жылдын 10-октябрына чейин болот.

Pasportist порталында 2022-жылга карата Орусия Федерациясынын жашоочуларынын 30% чет паспорту бар экени көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары документке соттуулугу бар же жогу жөнүндө маалымат кагаз түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш деген өзгөртүү да киргизилди. Ага тиешелүү органдын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коюп, мекеменин мөөрүн басууга тийиш.

21-сентябрда Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган соң Орусиянын аскерге жарамдуу миңдеген жарандары чет элге качкан. Алардын бир бөлүгү Казакстанга агылып, Казакстан менен Орусиянын чек арасында бир нече чакырымга жеткен кезек пайда болгон.

Количество просмотров: 193