• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстан дан жана унду экспорттоого коюлган чектөөнү алды

1 Аяк оона 2022 11:22 Бишкек Govori.TV

Казакстанда ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен дан жана унду экспорттоого коюлган чектөөлөр алынып, малды экспорттоого квоталар белгиленди. Бул тууралуу республиканын премьер-министринин сайты кабарлады.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстанда дан эгиндеринен жакшы түшүм күтүлөт. Быйыл алар 13 млн тоннадан ашык буудай жыйнап алууну пландаштырып жатышат. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 12 пайызга көп. Ички керектөө үчүн 6,5 миллион тоннадай керектелет.

Талкуунун жыйынтыгында 2022-жылдын 10-сентябрынан тартып дан жана унду экспорттоого чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды.

Жыйында комиссия асыл тукум малды кошпогондо, бодо малды жана майда жандыктарды экспорттоого сандык чектөөлөрдү (квота) киргизүүнү жактырды.

Количество просмотров: 77