• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстан Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынан дээрлик 346 миллион евро карыз алат

8 Теке 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

Казакстан Дүйнөлүк банктын негизги насыя берүүчү мекемеси эсептелген Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынан дээрлик 346 миллион евро карыз алат. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, карыз алуу тууралуу тиешелүү макулдашуунун долбоорун жактырган жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол коюп, ал дароо күчүнө кирди.

Макулдашууда банк Казакстанга 345,7 миллион евро берүүгө даяр экени жазылган. Карыз боюнча бир жолку алына турган комиссия жалпы сумманын 0,25% түзөт. Карыз акчаны резервдөө үчүн алына турган комиссия сумманын төлөнбөгөн калдыгынын жылдык 0,25% түзөт.

Документке ылайык, Казакстан каражатты экономиканын атаандаштыкка кыйла туруштук бере ала турган тармактарын колдоого, ошондой эле «экономиканын кыйла туруктуу өнүгүүсү үчүн негиздерди түзүүгө» жумшайт.

Казакстан карыздан 2033-жылдын 15-апрелине чейин толук кутулуп бүтүшү керек.

2020-жылы Казакстан COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард доллардан ашык каражат алган. Бул сумманын көпчүлүк бөлүгүн Азия өнүктүрүү банкы карызга берген.

2022-жылдын 1-январына карата жарыяланган маалыматка ылайык, Казакстандын тышкы карызы 165,1 миллиард долларды түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу карыздын көлөмү жарым миллиард долларга (0,3%) көбөйгөн.

Количество просмотров: 169