• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан Евразия экономикалык биримдигин саясатташырууга каршы

7 Кулжа 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларына «Евразия экономикалык биримдиги биргелишип жооп кайтарат» деген Кремлдин билдирүүсүн төгүндөдү.

Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 5-июнда тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Бир нече күн мурун Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин ЕАЭБ Батыштын Орусия жана Беларуска каршы санкцияларына биргеликте жооп кайтарууга даярданып жатканын билдирген.

«ЕАЭБге мүчөлөргө үчүнчү тараптын достукка жатпаган санкциялык аракеттерине жооп чаралар күн тартипке коюлган, ал каралууда жана дагы каралат»,- деди Панкин.

Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык биримдигин саясатташтырууга каршы экенин жарыялады. Расмий Нур-Султан ЕАЭБ экономикалык максаттагы уюм экенин эске салып, «евразиялык интеграциянын мүчөлөрүнө өзүнө таандык эмес функцияларды жүктөө» туура эместигин кошумчалаган.

«Санкцияларга бирге жооп кайтаруу, экономикалык басым чаралары же чет өлкөлөр менен алакага басым көрсөтүүнүн түрлөрү ЕАЭБдин күн тартибинде жок. Бул Казакстандын принципиалдуу жана туруктуу позициясы болуп саналат» деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга карата Крымды аннексиялап алышы, Украианын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү жана оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландырып, камакка алууга байланыштуу бир нече санкция киргизген. Мындан тышкары Батыш өлкөлөрү Беларустагы саясий окуялардан улам Александр Лукашенко баш болгон бийликке санкцияларды жарыялаган.

Евразия экономикалык биримдиги Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Беларус жана Армения кирген экономикалык уюм.

Орусиянын Батышка бирдиктүү жооп кайтаруу сунушу боюнча ЕАЭБдин мүчөсү болгон Кыргызстан эч кандай позициясын билдире элек.

Количество просмотров: 336