• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Казакстан гумжардам катары Украинага 28 тонна дары-дармек жөнөттү

14 Жалган куран 2022 17:39 Бишкек Govori.TV

Казакстан гуманитардык жардам катары Украинага 28 тонна дары-дармек жөнөттү. Бул казак өкмөтү тарабынан Украинага жөнөтүлгөн алгачкы жардам болуп калды. Буга чейинки эки гуманитардык жардамды өлкөнүн жөнөкөй жарандары менен ыктыярчылары топтогон.

Алматы аэропортунун маалыматына караганда, гуманитардык жүк жүктөлгөн алгачкы каттам Украинага 14-мартта учуп кетти. Дары-дармектин түрлөрүнөн турган жүктүн жалпы салмагы 28,2 тоннаны түзөт.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 15-мартта Алматы аэропортунан Украинанын жарандарына дагы бир каттам менен гуманитардык жардам жөнөтүү пландалып жатканын билдирди.

«Жардам украин тараптын расмий кайрылуусунан кийин жөнөтүлүп жатат. Украинанын аймагына жүктү коопсуз жеткирүү үчүн Казакстандын элчилиги коңшу өлкөлөр менен макулдашты. Аларда Украинага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды алуу жана бөлүштүрүү боюнча атайын хабдар түзүлгөн», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Өткөн жумада Ак ордо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефондо сүйлөшүп, өлкө Украинага дары-дармектерди жана башка гуманитардык жардамды жөнөтүүгө даяр экенин билдиргенин кабарлаган.

Количество просмотров: 299