• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстан кармалган 4 кыргыз жаранын кайтара элек

14 Үчтүн айы 2022 18:09 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматыда кармалган Кыргызстандын 4 жаранын кайтаруу боюнча эки өлкө ортосунда иштер жүрүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда кармалган 5 жарандын бирө кое берилген, ал эми калган төртөөнү алып келүү аракети көрүлүүдө.

«Бир катар талкуулардын жаралуусу биздин жарандын музыкант Викрам Рузахуновдун кармалуусунун тегерегинде болгон. Учурдан пайдаланып биздин коомчулукка ыраачылык билдирет элем. Бирок бул иштер Викрам менен гана бүтпөсүн деп каалайт элем. Азыр ал жакта камакта биздин дагы 4 жараныбыз бар. Учурда ИИМ менен биз алар бошотулат деп макулдашканбыз бирок, Казакстандын прокуратурасы аларды жибербей жатат», — деди ал.

Кыргызстандык 4 жаран — З.Юбуров (1990-жылы төрөлгөн), А.Хуров (1991-жылы төрөлгөн), И.Мачо (1987-жылы төрөлгөн), А.Жиншанло (2001-жылы төрөлгөн) Алматыдагы башаламандыкка катышууга шектелип кармалганы маалымдалган.

Кыргызстандыктар Алматы облусундагы СИЗОдо камакта. Алар текшерүү иш-чараларынын алкагында кармалган.

Количество просмотров: 146