• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Казакстан Луганск менен Донецк Эл Республикаларын таануу маселесин караган жок

24 Бирдин айы 2022 13:04 Бишкек Govori.TV

Казакстан Луганск менен Донецк Эл Республикаларын таануу маселесин караган жок. Бул тууралуу Сенаттын төрагасы Ашымбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазууда.

«Биз «Луганск Элдик Республикасын» же «Донецк Эл Республикасын» таануу маселесин карап жаткан жокпуз”, — деген Ашымбаев.

Ал ошондой эле Казакстан БУУ тарабынан таанылган мамлекеттерди гана тааный турганын белгиледи.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады.

Количество просмотров: 95