• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстан менен Кытайдын ортосундагы визасыз режим күчүнө кирди

10 Жетинин айы 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

10-ноябрда Казакстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара визасыз режим күчүнө кирди. Бул күндөн тарта эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында чек арадан өткөндөн кийин 30 күн визасыз жүрө алышат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, визасыз режимдин алкагында жарандар коңшу өлкөнүн аймагында 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашык жүрө албайт. Эгер жаран бир барганда 30 күндөн ашык жүрүүнү кааласа, анда алдын ала тиешелүү категориядагы виза алышы керек болот.

Мекеме буга чейин визасыз режим жумушка орношууга, билим алууга жана миссионердик ишмердүүлүк менен алектенүүгө укук бербей турганын билдирген.

Быйыл апрелде Казакстандын авиациялык бийлиги «Алматы-Бээжин», «Астана-Бээжин», «Алматы-Үрүмчү» жана «Астана-Үрүмчү» багыттары боюнча аба каттамдарынын саны көбөйгөнүн кабарлаган.

Казакстан өткөн жылы жайында Кытайдын жарандарына өлкө аймагында 14 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген. Өкмөт бул чечимин кытай туристтерин тартуу аракети менен түшүндүргөн.

Кытай менен визасыз режим киргизүүгө каршы жарандар бийликтен бул чечимди жокко чыгарууну талап кылышкан. Алар Кытайдагы этникалык казактардын бул артыкчылыкты колдонууга баары бир мүмкүнчүлүктөрү жок экенин, анткени алардын эркин жүрүү укугу чектелгенин белгилешкен.

Быйыл майда Астана менен Бээжин «Жарандардын маалыматтарын алмашуу тууралуу» макулдашууга да кол коюшкан. Казакстандын бийлиги бул өз ара визасыз режимди көзөмөлдөө үчүн зарыл экенин билдирген.

Количество просмотров: 89