• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн иш тартибине өттү

24 Бугу 2023 17:34 Бишкек Govori.TV

Жүк унааларынын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн иш тартибине өттү. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тараптар жүк унааларынын топтолуп калуусуна жол бербөө үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү макулдашты.

«Транспорт каражаттарынын агымы өткөрмө бекеттердин арасында кайрадан бөлүштүрүлүп, көзөмөл-өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн иш тартибине өткөрүлдү. Ошондой эле жүк унааларынын чек арадан өтүүсүн тездетүү үчүн бажы постторунун штаты толукталды. Диспетчердик башкармалык күнү-түнү иштөө режимине өттү», – деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Адатта май айында Казакстанга Өзбекстандан жашылча-жемиш ташыгандар көбөйөт. Алардын негизги бөлүгү Казакстан аркылуу Орусияга жөнөтүлөт. Учурда Түркстан облусундагы үч көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу суткасына 900-1000 жүк унаалары өтүүдө.

Количество просмотров: 81