• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөттү

11 Тогуздун айы 202317:38 Бишкек Govori.TV

Казакстандын бийлиги зилзаладан жабыркаган Ооганстанга жардам жөнөтүү үчүн мамлекеттик материалдык резервден тамак-аш, кийим-кече, чатырларды жана төшөнчүлөрдү бөлдү.

«Жалпысынан 1 659 тонна көлөмүндө жүк бар. Дары-дармектер жана чатырлар Улуттук гвардиянын учактары менен жөнөтүлдү», — деп айтылат Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.

Калган гуманитардык жардамды темир жол аркылуу жеткирүүнү пландап жатышат.

Ооганстанга жөнөтүлүүчү дары-дармектерди «СК Фармация» ишканасы бөлүп берген.

Бир күн мурда Казакстан ӨКМи Ооганстанга куткаруучуларды жөнөткөн. 45 кишиден турган топтун курамында куткаруучулардан тышкары кинологдор жана дарыгерлер бар.

7-октябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзала 2 445 адамдын өмүрүн алганын «Талибан» өкмөтү түзгөн табигый кырсыктарды башкаруу бөлүмү билдирген.

Дагы эки миңден ашуун адам жаракат алган.

Количество просмотров: 62