• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстан Орусия өткөргөн референдумга байкоочуларын жөнөткөн жок

29 Аяк оона 2022 18:30 Бишкек Govori.TV

Казакстан Украинанын оккупацияланган аймактарында өткөн «референдумдарга» өз байкоочуларын жөнөткөн эмес. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматына өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

27-сентябрда Саясий иликтөөлөр ассоциациясынын директору Карлыгаш Нугманова «Фейсбуктагы» баракчасына Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын Орусиянын курамына кошуу боюнча өткөн «референдумга» эл аралык байкоочу макамында атайын борт менен Москвадан Луганск аймагына жеткирилгенин жазган.

Киев менен эл аралык коомчулук бул «референдумдарды» сындап, анын жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын жарыялашкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө бул маселеде мамлекеттин аймактык бутүндүгү принцибин жактай турганын билдирген.

Количество просмотров: 139