• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

«Казакстан» шахтасында 100дөн ашык жумушчу эвакуацияланды

12 Тогуздун айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Караганды облусундагы «Казакстан» шахтасында түтүнгө байланыштуу 100дөн ашык жумушчу эвакуацияланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар аталган шахтаны иштеткен «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-октябрда «Казакстан» шахтасында быйыл 17-августта чыккан өрттөн кийинки оңдоо иштери жүрүп, шахтанын бөлүктөрүнүн бири ысып, түтүн пайда болгону аныкталган.

«Температуранын жогорулашына байланыштуу шахтадагы бардык 106 жумушчу сыртка чыгарылды. Жабыркагандар жок», – деп жазылган компаниянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Быйыл 17-августта Караганды облусундагы «АрселорМиталл Темиртау» компаниясына таандык «Казакстан» шахтасында өрт чыгып, беш кенчи каза болгон. Версиялардын бирине ылайык, конвейер тилкесинде жалын тутанып, түтүндөн жана жогорку температурадан улам беш жумушчу сыртка чыга албай калган. Атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия шахтадагы аварияга жумуш берүүчү күнөөлүү деген бүтүм чыгарган.

Количество просмотров: 59