• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстанда 100дөн ашык мунайчы иш таштады

28 Чын куран 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

27-апрелде Актөбө облусунун Муголжар жана Темир райондорунда казак-кытай биргелешкен «Батыс-Мунай» компаниясынын 100дөн ашык жумушчусу маянаны жогорулатуу талабы менен иш таштады.

Муголжар районунда иш таштаган жумушчулар менен район акиминин орун басары Рустам Ахметов жолукту.

«Бул маселени «Батыс-Мунайдын» өкүлдөрү жер-жерлерде чече алышпайт. Ошондуктан Актөбөдөгү кеңсесинен жетекчилиги келет деп күтүп жатабыз. Мунайчылар маянаны 100 пайыз жогорулатууну талап кылууда. Алардын айтымында, айлыктары 200 миң теңгеге жакын (440 доллар)», – деди Ахметов «Азаттыктын» казак кызматына.

Бул күнү Темир районундагы «Батыс-Мунай» иштетип жаткан Кумсай жана Мортык кендеринде да иш токтоду. Жумушчулардын айтымында, түнкү жана күндүзгү нөөмөттөгү 105 мунайчы айлыктарды жогорулатууну талап кылып, ишке чыгуудан баш тартышкан.

Актөбө облустук акимчилиги «Батыс-Мунай» компаниясынын жумушчулары иш таштаганын ырастап, бирок ал боюнча комментарий берген жок.

Казакстандын мунай-газ кендери көп батыш аймактарында бул тармакта иштеген жумушчулар эмгек маселелерине байланыштуу талаптар менен иш таштаган учурлар байма-бай катталып турат.

Количество просмотров: 49