• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024
Miners rally outside the Cabinet of Ministers in Kyiv and demand dismissal of Energy and Coal Industry Minister Volodymyr Demchyshyn

Казакстанда мунайчылардын иш таштоосу 32 күндөн бери уланууда

12 Үчтүн айы 2024 9:23 Бишкек Govori.TV

Казакстанда иш таштаган мунайчылардын акциясы башталганына 11-январда туура бир ай болду. West Oil Software компаниясынын жумушчулары 32 күндөн бери ачык асман алдында турушканын, акциясы талаптары аткарылмайынча улана берерин билдиришти.

«Мыйзамдуу талаптарыбызды айтып ушул жерде турганыбызга 32 сутка болду. Иш таштообуз уланууда. Жергиликтүү бийлик, күч органдары бизге басымын улантып жатышат. Жумушчуларга гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө да психологиялык кысым болууда. Чалып, берененин негизинде иштен айдайбыз деп жатышат. Кандай гана басым болбосун, бизге талаптарыбыздын аткарылышына эч ким тоскоолдук кыла албайт», — деп билдиришкен жумушчулар.

West Oil Software ишканасынын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүсүндө иш таштаган жумушчулар 12-январдан тартып жумуштан алынары, алардын акциясынын кесепетинен компания 499 миллион тенгелик зыян тартканы айтылды.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу 11-декабрда иш таштаган. Алар компанияны «КазМунайГаз» компаниясынын курамына киргизүү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөө жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоо деген үч талап коюшкан.

Казакстандын Энергетика министрлиги жана «КазМунайГаз» компаниясы жетибайлыктардын талаптарын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен.

Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтууда.

Казакстандын аймактарында жумушчулар нааразылыкка чыккан окуялар соңку жылдары көбөйдү. Негизинен алар маянаны көбөйтүү жана эмгек шартын жакшыртуу талабын коюп келишет. Айрымдарынын талабы аткарылса, кээ бирлери жумушунан бошонууга аргасыз болгон.

Количество просмотров: 86