• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда 20 миллионунчу жаран төрөлдү

17 Жетинин айы 2023 10:12 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 20 миллионунчу жаран төрөлдү.

«Казакстандын калкынын саны 20 миллионго жетти! Мекендештерди бул маанилүү окуя менен куттуктайм! Бактылуу үй-бүлө — улуттун бакубаттуулугунун, өлкөнүн туруктуу прогрессинин пайдубалы. Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эне жана балдарды коргоо боюнча иштерди улантат», — деп жазган мамлекет башчысы Токаев.

Tengrinews.kz басылмасынын маалыматы боюнча, «калктын маалымат базасынын көрсөткүчүнө ылайык, 2023-жылдын 14-ноябрында саат 8:10до төрөлгөн беш ымыркай өлкөнүн 20 миллионунчу жарандары болду. Алар Улытау жана Жетисуу, Атырау, Акмола жана Түркстан облустарында жарык дүйнөгө келишти. Алардын үчөөсү эркек жана экөөсү кыз».

Количество просмотров: 95