• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Казакстанда абакта ачкачылык жарыялаган активист 13 килограммга арыктады

16 Жетинин айы 202316:58 Бишкек Govori.TV

Каттоодон өтпөгөн оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясынын камактагы лидери Марат Жыланбаев 1-ноябрда ачкачылык жарыялагандан бери 13 килограммга арыктады. Бул тууралуу анын адвокаты Меиржан Доскараев 15-ноябрда активист менен тергөө абагында жолугуп чыккандан кийин билдирди.

«Жаңы эле тергөө абагына кирип, Марат Жыланбаев менен жолугуп чыктым. Анын жазууларына ылайык, 1-ноябрда 72 килограмм болсо, бүгүн 59 килограмм болуп калыптыр», – деди адвокат TikTok’ко жарыяланган видеосунда.

Жыланбаевдин иши боюнча өткөн айдын аягында башталган соттук угуулар жабык өтүүдө. Доскараев 14-ноябрда сотто тараптардын жарыш сөзү башталышы керек болгонун, бирок отурум 17-ноябрга жылдырылганын билдирди.

2-ноябда соттун жабык өтүшүнө каршылык билдирген Марат Жыланбаев оозун тигип алганы белгилүү болгон. Активисттердин айтымында, анын оозундагы жиптерди күч менен алышкан. Ага чейин 1-ноябрда Жыланбаев ачкачылык жарыялаган.

Белгилүү марафончу, 60 жаштагы Марат Жыланбаев быйыл 25-майдан бери камакта отурат. Ал «Тыюу салынган уюм менен кызматташуу» жана «Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоо» беренелери боюнча шектелүүдө. Активист өзү жана анын тарапташтары бул айыптоолорду четке кагып, иште саясий өңүт бар экенин айтып келишет.

Количество просмотров: 123