• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда акыркы суткада COVID-19 жуктурган 2684 жаңы учур катталды

27 Теке 2022 17:37 Бишкек Govori.TV

Казакстанда акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 жуктурган 2684 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы учурлардын 864ү Нур-Султан, 505и Алматы шаарларында жана 379 учур Караганда облусунда аныкталды.

Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 338 090го жетти.

27-июлга карата COVID-19га кабылган 20 958 бейтап дарыланууда. Алардын 1386сы стационарда жатса, 32 бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылуусу боюнча Нур-Султан шаары «сары зонада», өлкөнүн республикалык маанидеги калган шаарлары менен облустары «жашыл зонада» жайгашкан.

Казакстанда эпидемиологиялык абал быйыл июнь айынын аягынан тарта кайра начарлай баштаган. Ага чейин март айынан бери суткасына коронавирус жуктурган 100гө жетпеген учур аныкталып келген.

14-июлдан тарта жаңы учурлар миңден ашып, 21-июлдан кийин күнүнө 2 миңден көп жаңы учур каттала баштаган.

Количество просмотров: 196