Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев баңгизаттарды жана башка күчтүү таасир берүүчү заттарды өндүрүп, саткандарды жазалоону күчөткөн мыйзамга кол койду.
Мыйзам баңгизаттарды өндүрүп, жайылткандар үчүн жазаны күчөтөт, мындан башка баңгизаттарды ар кайсы жерге жашырган жаштарга карата жаза чараларын тактаган.
Атап айтсак, жаңы мыйзам баңгизаттарды даярдап, кайра иштетип жана саткан кызматтагы адамдар үчүн жаза 15 жылдан 20 жылга чейин же болгон мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну карайт.
Ал эми баңгизаттарды ар кайсы жерге жашыргандардын көбү жаштар болгондуктан, аларга карата жаза жумшартылган. Мисалы, буга чейин биринчи жолу ушундай кылмыш кылгандар 5 — 10 жылга кесилсе, эми жаңы мыйзам менен алар 5 — 8 жылга чейин гана кесиле турган болду. Бирок мындай кылмыш экинчи жолу кайталанса, жаза күчөтүлүп 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланат.
Мындан тышкары, тыюу салынган өсүмдүктөрдү өстүргөндүгү жана башка ишке аралашкандар үчүн да кошумча жазалар мыйзамда каралган.