• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда бир суткада COVID-19 жуктурган 632 жаңы учур катталды

11 Кулжа 2020 16:04 Бишкек Govori.TV

10-июнда Казакстанда коронавирус аныкталган, бирок бейтаптардын саны боюнча расмий статистикага киргизилбеген кишилер 393кө көбөйүп, жалпы саны 2 529га жетти.

Өлкөдө 3-июндан тартып вирус жуктургандар оорунун «белгиси бар» жана «белгиси жок» деп өзүнчө эсептеле баштаган.

Саламаттык сактоо минисрлигинин маалыматына караганда, акыркы суткада Казакстанда COVID-19 жуктурган 632 жаңы учур катталды. Алардын ичинен 393 бейтап оорунун «белгилери жок», калганы «белгилери бар» деген тизмеге кошулду.

10-июнь күнү кечинде Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы дагы алты бейтап каза болгонун билдирди.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда вирус жуктургандар 13 558 кишиге жетти. Бул тизмеге 3-июндан тартып катталган оорунун «белгилери жок» бейтаптар кошулган эмес. Аларды кошуп эсептегенде өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 16 миңден ашты. 8 миңден ашык киши айыкты, 67 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 117