• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Казакстанда бизнесменди өлтүрүүгө шектүүлөр эки айга камалды

12 Баш оона 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Оролдо ишкерди өлтүрүүгө шектелген 21 жаштагы Турлан Амангелди менен 31 жаштагы Руслан Кожантаев эки айга тергөө изоляторуна камалды. 11-августта тергөө соту аларды камоо жөнүндө чечим чыгарган.

Тергөө материалдарына ылайык, 31 жаштагы Мичурино шаарчасынын тургуну Руслан Кожантаев 6-августта Оролдогу “Рахат-Лукум” ресторанына ишкер жана ошол ресторандын ээси Еркин Мухангалиев менен жолугушуу үчүн келген.

Полиция Кожантаев экинчи шектүү менен ишкерди өлтүрүүнү алдын ала пландаган деп шектенүүдө. Жолугушуу учурунда Кожантаев менен Мухангалиев кер-мурун айтыша кетип, Кожантаев ишкерге бир нече жолу бычак сайган. Ишкер качып кетүүгө аракет жасаган маалда шектүү аны кууп жетип, далысына үч жолу урган. Окуя видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Бизнесмен алган жаратынан улам тез жардам келгенге чейин көз жумган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Турлан Амангелди да ресторанга бычак ала келген. Ресторанда Амангелди кызматкерди кармап, ишкерге жардам берүүгө тоскоол болгон.

Кожантаев менен Амангелди ишкер өлтүрүлгөндөн эки күн өткөн соң кармалган.

Шектүүлөргө “Алдын ала кутумга барып, топ болуп киши өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылды. Алардын күнөөсү аныкталса, 15 жылдан тарта өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Шектүүлөр кылмышка эмне себептен барганы айтылган эмес.

Количество просмотров: 151