• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда бизнесменди өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

9 Баш оона 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Батыш Казакстан облустук полиция департаменти Орол шаарында жергиликтүү ишкерди өлтүрүүгө шектелген эки киши 8-августта кармалганын билдирди.

Издөө иштери бир жарым суткага созулган. Шектүүлөр дачаларда жашынышкан, аларды жергиликтүү жашоочулар байкап калып, полициячыларга кабар берген.

Оролдук ишкер, кафе жана ресторандын ээси Еркин Мухангалиевге кол салуу учуру тартылган видео соцтармактарда 6-августта тараган. Видеодо ишкерге таандык кафеде үч киши сүйлөшүп отурганда алардын бири маектешине бычак сайганы көрүнөт. Мухангалиев качып кетүүгө аракет жасаган. Маркумдун сөөгү шаардык парктан алыс эмес жердеги унаа токтотуучу жайда табылган. Полициянын билдиришинче, ишкер тез жардам келгенге чейин эле алган жаракатынан улам каза болгон.

Башында полиция жаңжал тиричилик маселелеринен – төлөнбөй калган маянадам улам келип чыкканын билдирген. Кийинчерээк Батыш Казакстан облустук полиция департаментинин башчысынын орун басары Жанболат Жаншин мотивдер али белгисиз экенин, полиция бардык версияларды карап жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 144