• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда чет өлкөлүк инвесторлор жана алардын үй-бүлөлөрүнө көп жолку виза берилет

27 Бештин айы 2019 8:58 Бишкек Govori.TV

Казакстан сенаты 26-декабрда инвесторлорго көп жолку виза берүүгө жол ача турган конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөттү.

Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлүк инвестор эл аралык “Астана” каржы борборунун текшерүүсүнөн өтүшү керек. Андан кийин Казакстанга кеминде 60 миң доллар инвестиция салып, “инвестициялык резидент” аталууга тийиш. Эгер инвестордун резидент болуу өтүнүчү канааттандырылса, анда ал беш жылга виза ала алат. Инвесторго салык жеңилдиктери берилет.

Казакстан каржы министри, вице-премьер Алихан Смаиловдун айтымында, программанын максаты – инвесторлор жана алардын үй-бүлөлөрүнө көп жолку виза берүү аркылуу Казакстанга капитал тартуу.

Буга чейин Doing Business рейтингинин түзүүчүлөрү Казакстанда бизнес ачуу жана жаңы компанияны каттатуу оңой экенин, кыйынчылыктар кийин – коммуналдык түйүндөргө кошулуу, объектилерди куруу үчүн уруксат алуу жана салык төлөө учурунда жараларын билдирген.

Булак: www.centralasian.org/

Количество просмотров: 59