Бүгүн, 5-апрелде саат 14:05ке карата Казакстанда дагы 18 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Алматы шаарында (5 адам), Караганда облусунда (4 учур), Түркстан облусунда (4 адам), Акмола облусунда (3 адам), Атырау облусунда (1 адам) жана Кызыл-Ордо облусунда (1 адам) катталды. Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 569 адамга жетти.
Кыргызстанда 147 адамдан коронавирус аныкталды. Ошондой эле 2 бейтап көз жумду.