• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда эки жумадан бери дайыны чыкпай жаткан журналист табылды

21 Үчтүн айы 2022 9:16 Бишкек Govori.TV

«Январь окуяларын» чагылдырып жүрүп, дайынсыз жоголгон журналист Махамбет Абжан табылды. Журналист 20-январда “Азаттыктын” кабарчысына эки апта бою башка шаарда жашырынып жүргөнүн, азыр аман-эсен, эркиндикте экенин айтты.

Абжандын билдиришинче, полиция аны “коргонууга укугу бар күбө” катары чакырган. Ал бул кылмыш иши боюнча маалымат бербөө тууралуу документке кол койгон. 4-январда Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясын чагылдырган Махамбет Абжан соцтармактардагы баракчасына 5-январга караган түнү үйүнө полиция кызматкерлери келгенин, ал эшикти ачпай койгондон кийин алар жарык менен интернетти өчүрүп салышканын жазган.

5-январда Махамбет Абжан жашаган үйгө барган «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары анын батиринин кире беришинде үч полиция кызматкери турганын көрүшкөн. Алар Абжандын батириндеги ызы-чууга даттанган тургундардын кыйрылуусу менен келгенин айтышкан. Бирок журналисттин коңшулары ызы-чуу полиция келгенден кийин гана башталганын билдиришкен. 6-январда журналист үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. 12-январда полиция Абжанды кармабаганын кабарлаган. Казакстан ИИМи жума башында журналистке иш козголбогонун билдирген.

Количество просмотров: 523