• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда Elmedia редакциясынын кеңсесине кол салууга шектүүлөр кармалды

25 Жетинин айы 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Elmedia редакциясынын кеңсесине кол салууга шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

«Бул кылмышка шектүү катары эки жаран кармалды. Экөө тең 18 жашта. Бирөө алматылык, экинчиси Тараз шаарынан», – деп жазды мекемеге караштуу Polisia.kz сайты.

Шектүүлөргө Административдик кодекстин «Майда бейбашчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кабарда кармалгандар мыйзамга каршы иш кылганын моюндарына алганы белгиленген. Иштин башка чоо-жайы учурда аныкталып жатат.

Elmedia YouTube-каналынын редакциясы 23-ноябрга караган түнү белгисиз кишилер редакциянын кеңсеси жайгашкан административдик имараттын тамбурунун терезелерин талкалап кеткенин билдирген.

Ага чейин кезексиз президенттик шайлоо өткөн 20-ноябрда басылманын башкы редактору Гүлжан Ергалиева Elmedia редакциясынын кеңсесинин кире беришиндеги эшиктин айнеги таш менен талкаланганын айткан. Мындан окуя октябрдын ортосунда да болгон. Анда имараттын кире беришине: «Elmedia. Kz News» деп жазып кетишкен. Редакция муну кызматкерлерди коркутууга багытталган чабуул катары баалаган.

Редакция бул боюнча полицияга бир нече жолу кайрылганын, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын билдирүүдө.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун «Сөз эркиндигинин индексинде» Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашкан. Уюм өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын оор деп баалайт.

Количество просмотров: 102