• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда эмделбеген жарандардын жумушка баруусуна чектөө киргизилет

6 Аяк оона 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Казакстандын башкы санитардык дарыгери 6-сентябрдан тартып коронавируска каршы вакцина албаган адамдардын жумушка келип иштөөсүнө чектөө киргизүүгө уруксат берген токтомго кол койду. Чектөө ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдырууга болбой турган жана акыркы үч айдын ичинде коронавирус менен ооруп айыккан жарандарга тиешелүү болбойт.

Калган эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер жумушка келүү үчүн жумасына бир жолудан ПЧР-тест тапшырып турууга милдеттүү болушат. Мындай анализдин баасы 15 долларды түзөт. Токтом кызмат көрсөтүү жана соода тармактарындагы дээрлик бардык мекеме-ишканалардын жумушчуларына карата иштейт. Аларга Калкты тейлөө борборлору, почта бөлүмдөрү, банктар, камсыздандыруу уюмдары, акча алмаштыруу жайлары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, фитнес-борборлор, сауналар, бассейндер, сулуулук салондору, нотариустар, базарлар, соода үйлөрү, көңүл ачуу жайлары, дүкөндөр, музейлер, китепканалар, театрлар, цирктер, автостанциялар, автобекеттер, аэропорттор, мейманканалар, санаторийлер, дарыканалар, коомдук тамактануу жайлары жана башка объектилер кирет.

19 миллион калкы бар Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери быйыл февралда башталган. 4-сентябрга карата жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө 5,6 миллион киши толук вакцина алса, 6,7 миллион адам биринчи дозасын сайдырды. Июндун аягында бийлик иштеп жүргөн казакстандыктар үчүн эмдөөдөн өтүүнү иш жүзүндө милдеттүү кылган. Бул чечимге байланыштуу Жаңы-Өзөн шаарында бир нече нааразылык акциясы өтүп, катышуучулар вакцинадан баш тарткан жарандар жумушсуз калышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышкан.

Казакстанда калкты эмдөө үчүн негизинен ата мекендик QazVac жана Караганда шаарында өндүрүлүп жаткан орусиялык «Спутник V» вакциналары колдонулуп жатат. Мындан тышкары өлкөдө Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Кытайдын Sinopharm компаниясына таандык Hayat-Vax, кытайлык SinoVac компаниясынын СoronaVac жана орусиялык «Спутник Лайт» вакциналары жактырылган. Өткөн жумада казак бийлиги октябрда өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган америкалык өндүрүштөгү Pfizer вакцинасы келерин билдирген.

Количество просмотров: 85