• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда энелер нааразычылык акциясына чыгышты

12 Теке 2019 15:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Нур-Султан шаарында майып балдарды тарбиялап жаткан ондогон көп балалуу энелер нааразылык акциясына чыгышты.Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, аталган акцияга чыккандардын алдына өкмөттөн, шаардык акиматтан кызматкерлер чыгышты. Өзүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин өкүлү Бахытжан Качаков деп тааныштырган киши аялдарды турак-жай программасын колдонууну сунуш кылды.

Ал эми чогулгандар анын сунушун четке кагып, “Башпаана!” деп кыйкырышкан. Полиция өкмөткө жана президенттин резиденциясына алып барчу жолго жеткирбей, энелердин алдын тоскону айтылды.

Количество просмотров: 25