• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда издөөдө жүргөн генерал Кудебаев кармалды

27 Чын куран 2023 17:01 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Кудебаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Ал кайсы жерде жана кандай жагдайда кармалганы айтылган жок.

«Толук маалыматты айта албайм. Кармалганын билем. Түркиядан алып келинди», – деди 27-апрелде журналисттердин суроосуна жооп берген башкы прокурор Берик Асылов.

Мурдараак бийлик Серик Кудебаевге эл аралык издөө жарыялаган. Генералдын чет өлкөгө качып кеткени тууралуу кабардан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети ал мамлекеттик чек ара аркылуу өтпөгөнүн билдирген. Мекеме Кудебаев Кыргызстанга тоолор аркылуу ашып кетиши ыктымал экенин кабарлаган.

Серик Кудебаев тергөө учурунда эч жакка чыкпоо жөнүндө эскертүү алган. Февраль айынын аягында Талдыкорган шаарындагы сот жараянында прокурор 58 жаштагы милициянын генерал-майорун «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Камактагыларды кыйноого алуу» беренелери боюнча тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Кудебаевдин адвокаттары айыптоолорду четке каккан. Алардын айтымында, генерал ооруканага түшкөн. Кудебаевдин жеке клиникага түшкөнүн далилдеген документтери болгон.

Серик Кудебаев Январь окуялары маалында Алматы облусунун коменданты болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Талдыкоргандагы нааразылык акциялары жана башаламандык учурунда полиция департаментинин имаратынан чыгып кеткен. Былтыр март айында Казакстандын Ички иштер министрлиги Кудебаев февралда өз каалоосу менен отставкага кеткенин маалымдаган.

Количество просмотров: 63