• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда камалган блогердин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн

23 Бештин айы 2019 17:47 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «мыйзамсыз митинг өткөргөн» деген айып менен 10 суткага камалган Азамат Байкеновго карата «Социалдык түйүндөр аркылуу кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды тарктатуу» фактысы боюнча тергөө амалдары башталды.

Бул тууралуу 23-декабрда Түндүк Казакстан облусунун полиция департаменти билдирди.

Мекеменин «Азаттыктын» казак кызматына жолдогон катында иликтөөнүн чоо-жайы айтылган эмес, болгону блогер Байкеновдун үйүндө тинтүү жүргөнү гана белгиленген.

Азамат Байкенов 16-декабрда «мыйзамсыз митинг өткөргөн» деген айып менен 10 суткага камалган. Тиешелүү чечимди Петропавловск шаардык соту кабыл алган. Блогер айыптоолорду четке кагып, эч кимди митингге чыгууга үндөбөгөнүн билдирген.

Казакстанда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары блогердин камалышына нааразы болушууда. Айрым активисттер Байкеновго кылмыш иши козголгонун жана туугандарына кысым көрсөтүлүп жатканын билдиришүүдө. Жубайы Мадина Байкенова тинтүү учурунда анын телефонун жулуп алышканын айткан.

Полиция департаменти «Байкенов менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнө психологиялык же башка басым көртөтүлгөн жок» деген билдирүү таратты.

Эл аралык уюмдар Казакстандагы 174-берене (кастыкты козутуу) так жазылбаганын жана жарандык активисттерди куугунтуктоо учурунда көп колдонулуп жатканын сынга алышууда. Өткөн аптада президент Касым-Жомарт Токаев бул беренени гумандаштырып, Кылмыш кодексинен Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске которууну жактай турганын айткан.

16-декабрда – Казакстанда 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн жана 1986-жылдагы декабрь окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасынан кийин полиция ондогон активистти кармаган. Алардын айрымдарын акция башталганга чейин эле үйлөрүнөн алып кетишкен.

Количество просмотров: 148