• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Казакстанда каньондогу селден мугалим менен окуучу каза болду

31 Бугу 20219:57 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы Чарын каньонунда күтүүсүз башталган сел агымы эки кишинин өмүрүн алды. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги каза болгондор Алматыдагы №199 гимназиянын мугалими менен окуучусу экенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-майда окуучулардан, мугалимдерден жана ата-энелерден турган топ каньонго экскурсияга барышкан.

«Экскурсияга баргандардын арасында сегиз окуучу болгон. Аларды үч мугалим жана беш ата-эне коштоп барган. Кырсыктан бир мугалим менен окуучу кыз каза болду. Мындан тышкары үч окуучу жаракат алды. Алар канааттандыраарлык абалда ооруканага жеткирилди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Чарын каньону — Алматы шаарынан 200 чакырым алыстыктагы Чарын дарыясынын жээгинде жайгашкан уникалдуу жаратылыш эстелиги. Алматы облусунун негизги туристтик объектилеринин бири эсептелген бул жайга жылына жүздөгөн киши барып турат.

Количество просмотров: 149